Өзгөндөгү Жапалак-Таш айыл аймагындагы 1-мартта жер көчкүдөн жабылган жол ачыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жер көчкү ылай аралаш, суюк болгондуктан тазалоо иштери башталбай жатат. Аталган аймакта кар дале эрибегендиктен кошумча жол салууга да мүмкүнчүлүк жок болуп турат. Азыр Түз-Бел, Үч-Каптал жана Ак-Терек айылдары район борбору менен байланышсыз калды. Айылдарда жалпысынан 470ке чукул түтүн бар. Жер көчкөн аймакта жергиликтүү бийлик тарабынан күзөт уюштурулду. (BkA)