Атамбаев камактагы депутаттардын тарапкерлерин кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев “Ата Журт” фракциясынын камактагы депутаттарынын маселеси боюнча Жалал-Абад облусунан келген аксакалдарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов билдирди. Анын айтымында, аксакалдар президенттен соту жүрүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдун сот процессине көмөктөшүүсүн өтүнүштү. Президент соттун ишине кийлигишүүгө укугу жок экендигин билдирди.

Жолугушуу учурунда аксакалдар менен президент өлкөдөгү коомдук-саясий, экономикалык абалды жана түндүк менен түштүктү бириктирчү президент сунуштаган альтернативдүү жолду талкуулашты.

14-мартта мамлекеттик айыптоочу тарап депутаттардын күнөөсү далилденгенин белгилеп, аларды 9 жылдан 10 жылга чейин, коомдук ишмер Кубат Кожоналиевди 8 жылга, ал эми Ташиевдин жан сакчыларын 3-4 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн. 3-октябрдагы Бишкектеги митингден кийин камакка алынып, бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталган депутаттар болсо өздөрүнүн күнөөсүз экендигин билдирип келишет. (AKu)