Жактоочулар “Ата-Журттун” депутаттарын актоого чакырышты

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда “Ата Журт” фракциясынын депутаттарынын иши боюнча жактоочу тарап жарыш сөзүн улантууда. “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев билдиргендей, буга чейин сүйлөп жетишкен адвокаттардын дээрлик бардыгы соттолуп жаткан жети адамдын күнөөсү жоктугун айтып, аларды актоого чакырды. Дагы бир нече коомдук жактоочулар акыркы сөздөрүн сүйлөй элек болгондуктан, саат беште аяктаары айтылган соттук процесстин убактысы узартылды.

3-октябрдагы Бишкектеги митингден кийин бийликти басып алууга аракет кылган деп камалган “Ата-Журттун” депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов баштаган жети адам өздөрүнө тагылган айыптарды четке кагышууда.

Кечээ мамлекеттик айыптоочу тарап депутаттардын күнөөсү далилденгенин белгилеп, аларды 9 жылдан 10 жылга чейин, коомдук ишмер Кубат Кожоналиевди 8 жылга, ал эми Ташиевдин жан сакчыларын 3-4 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн. (KKs)