Акыркы үч жылда 172 чек ара чатагы катталды

2010-2013-жылдар аралыгында Кыргызстандын чек арасында 172 чатак катталды. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2010-жылы 63, 2011-жылы 54, 2012-жылы 46 чек ара жаңжалы чыккан. Быйыл жылдын башынан бери чек арада чыккан карама-каршылыктардын саны 9га жетти. Жаңжалдардын көбү Кыргызстандын Өзбекстан (102 чатак) жана Тажикстан (62 чатак) менен чектеш аймактарында болгон. Чек аранын толук такталып бүтпөгөнү чатактардын негизги себеби катары сыпатталууда. (KKs)