Обдунов боюнча депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады

Башкы прокуратуранын “Республика” фракциясынан депутат Элмурат Обдуновду кылмыш жообуна тартуу үчүн анын кол тийбестик макамын алуу боюнча сунушун караган депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Абдыжапар Бегматов кабарлады.
Бекматовдун айтымында, 5 депутаттан турган комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү Обдуновду жоопко тартууга негиз жок деген тыянакка келди. Эми комиссиянын тыянагы кийинки апталарда парламенттин жалпы жыйында талкууланат.

Обдуновго былтыр 15-ноябрда кылмыш иш козголгон. Депутат 2009-2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинде башкы эсепчи болуп иштеп турганда окуудан чыгарылган 421 студенттин эки жарым миллион сомго чукул келишимдик акысын кайтарып бербей, кымырып алган деп айыпталууда. Обдунов мындай айыптарды жокко чыгарып келет.(BkA)