Сокулукта тигүүчүлөр үчүн ири комплекс курулат

Сокулуктун Военно-Антоновка айылынын аймагында тигүү цехтери жайгаша турган комплекс курулат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев “Мода индустриясы - 2013” көргөзмө-жармаңкесинин ачылышында билдирди. Анын айтымында, учурда комплекстин курулушу үчүн кеминде 50 гектар жер бөлүү маселеси каралууда. Жалпысынан 35 өнөр-жай объектерине ылайыкташкан комплекс 10 миң адамды жумуш менен камсыз кылмакчы.

Бүгүн Бишкектеги Спорт ордосунда ачылган “Мода индустриясы - 2013” көргөзмө-жармаңкеси 18-мартка чейин созулат. (KKs)