ЕБ Сириядагы согушту токтотуунун жолдорун талкуулоодо

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Сириядагы жарандык согушту токтотуунун жолдорун талкуулашууда. Брюсселде жыйын алдында Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон “Биз бул кыргынды токтотушубуз керек” деп, Сириядагы чатактын дипломаттык жол менен жөндөлүшүн колдоорун билдирди.

Ал эми Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильдт: “Саясый чечим болууга тийиш. Сирияга мүмкүн болчу туруктуулукту алып келүүдө аскердик чеимге орун жок”,-деди. Бирок Москва президент Асаддын бийликтен кетүүсүн жактаганын токтотор түрү жок. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия оппозициясынын өкүлү Хайзам Маннаны кабыл алып жатып: “Эң маанилүүсү - бардык суроолорду Сирия эли сырткы кысымсыз - өзү чечиш керек,” - деди. Улуттар уюмунун эсебинче, Сириядагы эки жылдан берки калабада 70 миңден ашуун сириялык курман болду.

Брюсселдеги жыйында Эштондун айтышынча, Ирандын ядролук программасы жана ЕБ-Орусия мамилеси да каралат.