"Манастагы" транзит борбор Пригородное мектебин оңдоп берди

Чүйдүн Пригородное айылындагы орто мектептин ремонту аяктады. "Манас" аба майданындагы Транзит жүк ташуу борбордун каржылык колдоосу менен мектептин жылуулук, жарык берүү системасы жана сантехникасы толугу бойдон жаңыланды. Бул үчүн 227 миң доллар сарпталды. Мектепте 800 окуучу билим алат. Оңдоп-жаңылоо иштерине чейин имараттын ички абалы начар болчу. (RK)