Түндүк Корея Түштүк Корея менен кол салбоо келишиминен чыкты

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын аскерлер менен. 7-март, 2013-жыл.

Расмий Пхеньян мындай жарыяны БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга ал 12-февралда үчүнчү өзөктүк сыноо өткөргөнүнө байланыштуу жаңы санкцияларды киргизгенден кийин жасады.

Түндүк Кореянын Кореяны тынч бириктирүү боюнча комитетинин билдирүүсүндө айтылгандай, ал Түштүк Корея жана АКШ менен кол салбоо жөнүндөгү келишимдердин баарынан чыкты. Билдирүүдө ошондой эле Пхеньян Сеул менен чукул байланыш түйүнүнөн да дароо баш тартары белгиленет.

Түндүк Кореянын билдирүүсүн комментарийлеп, Түштүк Корея президенти Пак Кын Хе:

- Коопсуздук жагынан биздин бүгүнкү абалыбыз абдан оор. Түндүк Корея бизди өзөктүк сыноо, узак аралыкка учуучу ракета менен коркутууда. Мындан сырткары Элдешүү келишимин жокко чыгарарын айтып жатышат.

Кечээ Түндүк Корея АКШга алдын-ала өзөктүк сокку ура аларын эскерткен. Ак үй бул коркутууга АКШ өзүн Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарынан коргой аларын айтып жооп берди. (UE)