Баткен: Арка массивин электр менен камсыздоо жакшыртылат

Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка массивин электр энергиясы менен камсыз кылуу жакшыртылат. Аталган аймактын толук энергетикалык көз каранды эместигин камсыздоо максатын көздөгөн долбоор кечээ өкмөттө талкууланды. 110 киловольттук линиядан 51 километр куруу пландаштырылууда. Долбоордун баасы - 15 миллион доллар. 2016-жылга чейин куруп бүтүү каралып жатат. Каражат Ислам өнүгүү банкынан алынат. (RK)