Майрам Акаева: Отунбаева менен Бакиевди Аскар Акаев кечире алган жок

Бул тууралуу мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева журналист Жеңишбек Эдигеев менен болгон маегинде билдирген. “Роза Отунбаева Бакиевге да чыккынчылык кылган, 2005-жылы ал Бакиевдин оң колу болчу, 2010-жылы кайра аны кууп чыкты” деп айткан Майрам Акаева “Отунбаеванын бийлиги жалаң элдин каны менен балдардын көз жашына тете болду” деген оюн айткан.

Ошондой эле ал 2005-жылкы март окуясынын артында АКШнын ал кездеги Кыргызстандагы элчиси Стивен Яңдын чоң аракети турган деп эсептейт.

Майрам Акаева күйөөсү Аскар Акаев Кыргызстанды башкарып турганда “Мээрим” кайрымдуулук фондун жетектеген. Алгач Кыргызстанда демократиялык бийлик орноткон Аскар Акаевдин режими бара-бара үй-бүлөлүк бийликке айлануусуна анын аялынын чоң салымы бардыгы айтылып келет жана айрым серепчилердин белгилөөсү боюнча 2005-жылы март окуясынын келип чыгуусуна мурдагы президенттин аялы менен балдарынын бийликке аралашканы түрткү берген.

Аскар Акаев Кыргызстанды он беш жыл башкарып турган, жакында КР Башкы прокуратурасы ага карата “Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча келишим түзүүдө өлкөнүн, элдин кызыкчылыгына каршы иштеген” деген айып менен кылмыш ишин козгоду. (ZKo)