Сурамжылоо: Көпчүлүктүн социалдык маанайы жакшы

Кыргызстандыктардын 64 пайызынын социалдык маанайы жакшы. Бул тууралуу укук коргоочулар айтууда. "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы өткөн айда Кыргызстандын бардык аймактарында телефон аркылуу социалдык сурамжылоо жүргүздү. Ага жети облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын 18 жаштан улуу тургундары катышты.

64 пайызы эртеңки күнгө ишеними бекем экенин айткан. Бирок ошол эле учурда 56 пайызы өлкөнүн экономикалык абалын оор деп баалап, 55 пайызы саясый кырдаал анча тынч эмес деген оюн айткан. (RK)