Аялдардын эл аралык майрамына карата Бишкекте митинг-фестиваль болот

Иш-чара борбор калаадагы Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында бүгүн өтөт, анда сүрөт жана видео көргөзмөсү, театралдык оюндар уюштурулат. Митинг-фестиваль “убадабызга турабыз, аялдарга жана кыздарга зомбулукту токтотобуз” деп аталат. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” маалымдашынча, кыз-келиндерге жасалган түрдүү зомбулуктар: ала качуу, кулчулукка сатып жиберүү, мигрант кыздарды жана эркинен ажыратылган аялдарды кордоо көбүнчө айтылбайт жана жазыксыз кала берүүдө. Ошондуктан бүгүнкү иш-чаранын максаты коомчулуктун көңүлүн бул маселеге буруу болуп саналат.

ИИМдин маалыматы боюнча жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен 40-50 кыз-келин ооруканага түшөт. (ZKo)