Бишкек - Стамбул аба каттамынын баасы 2-3 эсе арзандайт

Бишкек - Стамбул жана Стамбул - Бишкек аба каттамындагы учак баасы 2-3 эсе арзандайт. 21-марттан тарта түркиялык Pegasus авиакомпаниясынын рейстерине билетти 190 доллардын тегерегиндеги баага сатып алса болоору бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтылды.

Учурда аталган рейстин баасы бир тарапка 500 доллардын тегерегинде. (BkA/RK)