Аскердик автоунаа, байланыш каражаты жана мина издөөчү техникалар Кыргызстандын коргоо министрлигине, Чек ара кызматына жана ИИМдин Ички аскерлерине Түркия куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тарабынан берилет. Буга байланыштуу иш-чара бүгүн Улуттук Гвардиянын базасында болмокчу. Ага Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана Түркиянын аскердик атташеси Наби Газнели катышат.(ZKo)