Кыргызстандын президенти Жапонияга иш сапары менен барат

Президент Алмазбек Атамбаевдин күн чыгыш өлкөсүнө расмий иш сапары 26-февралда башталат. Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, мамлекет башчынын эки күндүк иш сапарында Жапония жетекчилиги менен кыргыз-жапон мамилесиндеги саясий карым-катышты жандандыруу, соода-экономикалык кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр болмокчу. Алмазбек Атамбаевди иш сапары учурунда Жапониянын императору, императрицасы кабыл алары күтүлүүдө. Ошондой эле кыргыз президенти жапон премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушат.

Кыргызстан менен Жапониянын дипломаттык кызматташтыгы 1992-жылы башталган.(ZKo)