Синоптиктер март айы жаанчыл болоорун айтууда

Кыргызгидромет агенттигинин маалыматына ылайык, март айы февралга караганда жаанчыл болот. Ал эми өткөн жылдардын орточо көрсөткүчүнө салыштырганда жаан бир аз көбүрөөк жаайт. Таң менен туман түшкөн күндөр арбыныраак болот.

Метеорологияда жаздын келиши - сутканын орточо температурасынын нөлдөн жогорулай башташын түшүндүрөт. Жаздын биринчи айында чак түштө күн 45 градуска көтөрүлөт. Бишкекте март айында февралга салыштырмалуу күн 1 саат 20 мүнөткө узак тийет.

Мартта абанын орточо температурасы төмөндөгүдөй болот:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5 градустан +2...+7 градуска чейин, күндүз +7...+12ден +19...+24кө чейин,

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5 градустан +2...+7 градуска чейин, күндүз +7...+12ден +19...+24 градуска чейин,

Баткенде түнкүсүн -2...+3төн +3..+8 ге чейин, күндүз +9…+14төн +17...+22 градуска чейин жылуу болот.

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2ден +3 …+8ге чейин, күндүз +9…+14төн +17...+22ге чейин,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7ден -1...+4кө чейин, күндүз +1…+6дан +7...+12 градуска чейин,

Нарында түнкүсүн -9…-14төн 0...-5ке чейин, күндүз 0…-5 градустан +4...-9 градуска чейин жылуу болот. (AKu)