Грузияда президенттин улук кеңешчисине экономикалык айыптар коюлду

Грузияда тергөөчүлөр Тбилиси шаарынын акими Гиги Угулавага мамлекеттик каражатты ысырап кылып, арам акчаны адалдаган деген айып койду. Президент Михаил Саакашвилинин жакын шеригине буга чейин да кылмыш иштери козголгон. Саакашвилинин Бириккен Улуттук кыймылы өткөн октябрдагы шайлоодон кийин өкмөт башына келген Бидзина Иванишвилинин "Грузиянын кыялы" коалициясынан утулуп калгандан кийин ортодо тиреш күч алды. Угулава өзүнө коюлган айыптарды «акылга сыйбайт» деп четке каккан. Саакашвилинин бийлик мөөнөтү октябрда аяктаганга чейин ал Иванишвили менен иштешүүгө мажбур.