Бишкекте чоң ишембилик өтөт

Жарандык коомдун өкүлдөрү, Жаштар жана жумуштуулук министрлиги жана коомдук уюмдар биригип, 6-апрелде Бишкек көчөлөрүндө ишембилик өткөрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Уюштуруучулардын айтымында, ишембиликке чейин Бишкекте 23-февралда жаштардын флешмобу, 15-марта маданий ишмерлердин катышуусу менен концерт уюштурулат. Бул иш-чаралардан топтолгон каражат ишембиликти уюштурууга жумшалат. Ага шаардын тазалыгына кайдыгер эмес тургундар, каалоочулар кошула алат. (BkA)