Бүгүн Бишкекте оор атлетика боюнча уландар арасында өлкө биринчилиги башталды. Мында жеңип чыккан балбандар апрелде Ташкентте өтө турган дүйнө чемпионатында өлкө намысын коргойт. “Мелдеште күч сынашуу, атаандаштык курч болот”, - дейт федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов.
Бугүн Кант шаарында да футбол боюнча “Ала-Тоо кубогу” эл аралык турнири башталды. Турнирде Кыргызстандын 6 командасы жана Казакстандын эки клубу мөөрөй талашат. Турнирдин жеңүүчүлөрү 26-февралда аныкталат. Бул тууралуу федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов “Азаттыкка” маалымдады. (KMa)