Бразилия Орусиядан курал сатып алат

Бразилия 2014-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатында, 2016-жылдагы Олимпиада оюндарында коопсуздукту сактап, абадан коргоо үчүн Орусиядан зениттик ракеталык курал сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу орус премьер-министри Дмитрий Медведевдин шаршембиде Бразилиядагы сапары учурунда сөз болду.

Анда Бразилия тарап Орусиядан абадан кол салуудан коргонуучу ракеталык куралдарды сатып алууга кызыктар экенин билдирди. Бразилиянын коргоо министрлигинин өкүлдөрү маалымдагандай, бул боюнча сүйлөшүүлөр март айында башталат.