Кыргызстанда Өзбекстандын жаңы элчиси ишке киришти

Өткөн жылдын декабрь айында Өзбекстандын Кыргызстандагы туруктуу жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Камил Рашидов бүгүндөн тарта расмий кызматка киришти. Бүгүн Рашидовду кабыл алган президент Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн мамилеси жакшы нукта гана өнүгөөрүнө ишенээрин айтып, ар кандай чагымчыл аракеттерге ишенбей, Өзбекстанга туура маалымат жеткирип туруу зарылдыгын айтты.

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси 2010-жылдын март айында кызматтан кеткенден кийин ушул убакытка чейин элчи дайындалбай убактылуу ишенимдүү өкүл иштеген.

Бүгүн президент Атамбаевге алты мамлекеттин элчилери ишеним грамотасын тапшырды. Өзбекстандан тышкары Тажикстандан Олим Рахимов, Жапониядан – Такаюки Коике, Иран Ислам Республикасынан – Али Наджафи Хошруди, Швейцария Конфедерациясынан – Лоран Ги, Азербайжан Республикасынан - Идаят Худуш оглы Оруджевдер да бүгүн кызматка расмий түрдө киришишти. (JAk)