Жөө күлүк Оскар Писториус күрөөгө бошотулушу мүмкүн

Адам өлтүрүүгө шектелип жаткан түштүк африкалык Паралимпиада атлети Оскар Писториусту күрөөгө эркиндикке чыгаруу боюнча арызын караган соттук отурум болот. Өткөн жумадагы сотто Писториус өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган эмес. Ал 14-февралда өлкө баш калаасы Преториядагы өз үйүндө сүйлөшкөн кызы, 30 жаштагы модель Рева Стенкампты атып салган деп шектелүүдө. Полициянын маалыматында, Түштүк Африкадагы белгилүү модел жана теле алып баруучу Стенкампка Писториуска таандык тапанчадан төрт ок тийген. Рева Стенкампттын сөөгү бүгүн жерге берилет.

Эки бутунун тең тизесинен ылдый жагы ампутацияланган 26 жаштагы Писториус өз өлкөсүндө “тирүү легендага” айланган эле. Ал майыптыгына карабай, кесилген буттарын тизесинен ылдый улаган жабдуунун жардамы менен чуркап кадимки Олимпиадага катышкан. Жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатында байге алган.