"Эл үнү" Кумтөр келишимин жокко чыгаруу үчүн кайра кол топтойт

Бул тууралуу “Эл үнү” оппозициялык кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, дүйшөмбүдө Юстиция министрлиги кыймыл демилгелеген мыйзам долбоорун каттоо учурунда анын жол-жобосун түшүндүргөн. Ага ылайык, жөнөкөй жарандар демилгелеген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштоо үчүн тиешелүү министрликтен мыйзамды каттоо күбөлүгүн алган соң гана 10 миң жарандын колун топтоо зарыл экенин министрлик талап кылган. Кыймыл буга чейин эле он миң колду топтоп алган эле.

Мындан улам оппозиция өкүлдөрү мыйзам тартибине ылайык, 10 миң колду кайрадан чогултууну чечкен. Бекназаровдун айтымында, бүгүндөн тарта өлкөнүн бардык дубандарында кайрадан кол чогултула баштайт. Жетиштүү сандагы кол топтолгон соң мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталат.

“Эл үнү” кыймылы иштеп чыккан бул долбоордо Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосунда 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу сунушталган.

Буга чейин Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия өкмөткө “Центерра Голд” компаниясы менен жаңы келишим түзүүнү сунуштаса, парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы келишимди денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан.(BkA)