Иракта жардыруулардан 30га чукул адам ажал тапты

Борбор Багдаддын шииттер жашаган бир канча бөлүктөрүндөгү жардыруулардан кеминде 28 адам мерт кетип, жүздөн ашык адам жараат алды. Автоунаага катылган бомбалар шаардын 5 районунда жарылган. Өлкөнүн коопсуздук күчтөрү дагы алты автоунаадан катылган бомба табылганын билдиришти. Өкмөт жардырууга “аь-Каида” менен байланышы бар сунни согушчандарын күнөөлөп жатат.

Ирактагы жардыруулар жыл башынан бери күчөдү. Анда негизинен шииттер жашаган райондордо жарылуулар болуп жатат.