"Эл үнү" Кумтөр келишимин жокко чыгаруу долбоорун парламентке сунуштайт

“Эл үнү” оппозициялык кыймылы Кумтөр келишимин жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, 10 миң жарандын колун топтогонун "Азаттыкка" аталган кыймылдын төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди. Учурда долбоор Юстиция министрлигинин кароосунда турат. Мыйзам боюнча, Юстиция министрлиги 1 ай ичинде мыйзамды каттоо күбөлүгүн бериши зарыл.

Бекназаровдун айтымында, Юстиция министрлиги саясий кыймылга бүгүн мыйзамды каттоо боюнча күбөлүктү тапшырышы керек. Андан соң кыймыл мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жиберет. “Эл үнү” кыймылы иштеп чыккан бул долбоордо Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосунда 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу сунушталган.

Буга чейин Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия өкмөткө “Центерра Голд” компаниясы менен жаңы келишим түзүүнү сунуштаса, парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы келишимди денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан.(BkA)