Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, Кыйноолорду тыюу боюнча Улуттук борбордун координациялык кеңешинин курамы 11 адамдан турат. Алардын бири парламенттеги оппозициядан, бирөө коалициянын өкүлү, 8 мүчөсү коомдук уюмдардан жана жарандык коомдон, 1 адам акыйкатчынын өкүлү болот.
Бүгүн Жогорку Кеңештен, коомдук жана эл аралык уюмдардан көрсөтүлгөн талапкерлер каралып бекитилет. Акундун айтымында, координациялык кеңешти былтыр октябрь айында эле түзүү пландалган. Бирок Жогорку Кеңеште талапкерлерди көрсөтүү кечеңдеп, координациялык кеңешти түзүү ушул убакытка туура келди.
Кыйноолордун алдын-алуучу Улуттук борбор түзүү боюнча мыйзам 2012-жылдын июль айында ишке кирген. Бул борбор абактарда жана башка кыйноо фактысы катталган бардык жерлерге алдын ала эскертпестен, күтүүсүз текшерүү жүргүзүүгө укуктуу жана кол тийбестик мандаты болот.
Кыргызстан кыйноолорго каршы бардык эл аралык документтерге кошулган. Бирок иш жүзүндө алар толук аткарылбай келет. Былтыр өлкөгө келип кеткен Бириккен улуттар уюмунун атайын баяндамачысы Хуан Мендес да Кыргызстанда кыйноолор жана мыкаачылык мамиле көп кездешчү көрүнүш экенин айтып кеткен болчу.(BkA)