Дагестанда козголоңчу деп шектелген беш киши өлтүрүлдү

Орусиянын Түндүк Кавказдагы Дагестан жумуриятында коопсуздук күчтөрү беш шектүү козголоңчуну өлтүргөнү кабарланууда. Орусиянын мамлекеттик анти-терроризм комитети билдиргендей, шектүү козголоңчулар Дагестандын Дербент ооданында атып өлтүрүлдү. Комитет өкүлдөрүнүн ырастоосунда, өлтүрүлгөндөр экстремисттик жана террордук топко катышы бар деп издөөдө болгон.