Лос Анжелесте “Грэмми” сыйылыгынын лауреаттары аталды

“2012-жылдын мыкты альбому” сыйылыгы британдардын “Mumford & Sons” рок-группасынын "Babel" деген альбомуна ыйгарылды. Жылдын мыкты аудиожазуусу деп белгиялык-австралиялык ырчы-музыкант Gotye-нин “Somebody That I Used to Know” ыры табылды. Британиялык Аделдин Set Fire to the Rain деген ыры 2012-жылдын жеке аткарылган эң мыкты ыры сыйлыгын алды. Былтыр 24 жаштагы ырчыга”Грэмминин” алты сыйылыгын жеңген. “Грэмми” сыйлыгы АКШнын улуттук искусство жана үн жазуу илими академиясы тарабынан 55-жолу ыйгарылды.