Беларус: түрмөдөн чыккан оппозиционер саясий күрөштү улантат

Өткөн ишембиде түрмөдөгү алты айлык мөөнөтүн өтөп чыккан Беларустун оппозициялык активисти Василий Парфенков жекшембиде саясий ишмердүүлүгүн улантаарын жар салды. Жеке сайтына полиция дагы да артынан аңдып жатканын жазган Парфенков “биздин өлкөдө эч ким саясий куугунтукка туш болбойм деп кепилдик бере албайт. Азыркы режимге каршы чыккандар кайсы учур болбосун түрмөгө түшүп калышы ажеп эмес” деп жазды.

Василий Парфенков 2010-жылы декабрда Александр Лукашенконун президенттикке кайра шайланышына каршы массалык демонстрацияга катышканы үчүн төрт жылга кесилген. 2011-жылы мунапыска туш болуп акталган. Бирок 2012-жылдын майында мунапыстын эрежелерин сактаган жок деген жүйөө менен 6 айга эркинен ажыратылган эле.