Казакстанда жабылган гезиттин редакторуна айып пул салынды

Өлкөдө ишине тыюу салынган гезиттин редакторуна “чечимге каршы иш кылганы үчүн” бүгүн Алматы соту айып пул салды. Татьяна Трубачеванын “Республика авазы” жана ондогон башка маалымат каражаттары декабрда бийликтер тарабынан “экстремисттик” деп табылып жабылган.

Трубачеванын жамааты эки апта мурун “Рипаблик” деген гезит чыгара башташкандыктан, редакторду сот 220 доллар айып төлөөгө милдеттендирди. Бул жаңы гезит аптасына 99 гана нускада басылат, демек мыйзам боюнча расмий каттоодон өтүшү зарыл эмес.

Редактордун адвокаты “Азаттыкка” билдиргендей, Трубачева бүгүнкү чечимди жокко чыгарыш үчүн доо арыз менен сотко кайрылганы жатат. Бүгүн соттун алдынан гезиттин жамааты митингге чыгып, өлкөдө маалымат каражаттарын кысмактоону токтотууга чакырышты.