Рысалиев: Юсуповдун айткандарынын 85 пайызы тастыкталган

"Ата-Мекендин" депутаттарынын апрел окуясындагы талоончулукка тиешеси бар деген Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсүнүн 85 пайызы тастыкталган. Бул тууралуу ушу тапта парламентте өтүп жаткан талкууда мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев билдирди. Иликтеп тергөө жүрүп жатканда депутат Өмүрбек Текебаев ага телефон чалып коркутканын айтты. Бул иш аягына чыкпайт деген пикирин билдирди.

Парламентте бүгүн 2010-жылдын 7-9-апрелиндеги талап-тоноочулукка "атамекенчи" депутаттардын тиешеси бар-жоктугун териштирген убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатат. (EBM/RK)