Акун: Үзөнгү-Куушту кайра алышыбыз керек

Кыргызстан Үзөнгү-Куушту Кытайдан кайра алышы керек. Мындай оюн бүгүн Бишкекте укук коргоочу, маркум Шералы Назаркуловду эскерүү митингинде акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.

Ал митингге бийлик өкүлдөрүнөн эч ким келбегенине нааразылык билдирди.

Турсунбек Акун Назаркулов атындагы былтыр түзүлгөн коомдук фондду жетектейт. Аталган фонддун демилгеси менен бүгүн Айыл чарба министрлигинин имаратында митинг-реквием өттү. Ага маркумдун жакындары, укук коргоочулар катышты.

Укук коргоочу, экономист, публицист жана коомдук ишмер Шералы Назаркулов 2002-жылдын 7-февралда Үзөнгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы 22 күндүк саясий ачкачылыктан кийин көз жумган болчу. Ал саясый акция айыл чарба министрлигинин алдындагы аянтчада өткөн.

1999-жылы август айындагы кыргыз-кытай макулдашуусунун негизинде Ысык-Көл тараптагы Үзөнгү-Кууш тилкеси Кытайга өткөн болчу. (MiT/RK)