Июн окуясында жабыркагандар сот чечимине нааразы

Бүгүн Жалал-Абадда июн окуясында жабыркагандардын нааразылык акциясы өттү. 12 адам Сузак райсотунун Кадыржан Батыровдун жакындарына тиешелүү делген 31 объектти мамлекетке кайтаруу жана Санпа окуясы боюнча айыпталган Шамшидин Ниязалиевди өмүрүнүн акырына чейин камоо өкүмдөрүн күчүндө калтыруу талабы менен чыкты.

Митингчилерди кабыл алган облсоттун төрагасы Рыспек Шүкүралиев
Батыровдун мүлкү боюнча райондук соттун өкүмү күчүндө калганын, ал
эми Ниязалиев боюнча чечим чыгарган соттук коллегиянын мүчөлөрүнө Сот тандоо кеңеши баа берээрин билдирди.

Сузак райондук соту Ниязалиевди 2010-жылы июн коогасында массалык башаламандык уюштурган, адам өлтүргөн сыяктуу оор беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн аягына чейин кескен болчу. Облустук сот коллегиясы массалык башаламандыкка катышкан деген гана айыпты калтырып, 150 миң сом айыппул салып, сот залынан бошоткон. (YA/RK)