Кыргызстандык суучулдар Дубайдан байгелүү кайтты

Дубайда өткөн эл аралык мелдеште кыргызстандык суучулдар алдыңкы орундарды ээледи. Бишкек шаар мэриясынан кабарлашкандай, Станислав Карнаухов жана Султан Букеев 1-орунга, ал эми Дарья Таланова жана Владислав Шулико 2-орунга ээ болду. Аталган спортчулар "Дельфин" мектебинин тарбиялануучулары. (RK)