Пакистан: бен Ладендин шаарында оюн-зоок паркы курулат

Абутабад шаары Аль-Каиданын лидери Осама бен Ладен өлтүрүлгөн шаар делип эсептелинет. Шаар жайгашкан Хибер-Пахтанхва провинциясынын аткаминерлери курулуучу гүлбакта зоопарк, спорт комплекстери жана суу аттракциондору болорун айтышууда. Маалыматтарда айтылгандай, парктын курулушу беш жылга созулушу жана ага 30 миллионго чукул доллар сарпталышы ыктымал. Азырынча оюн-зоок гүлбагынын курулушун ким каржылары айтыла элек. Аткаминерлер парк Осама бен Ладен өлтүрүлүшү менен белгилүү болгон Абутабад шаарынын аброюн жакшыртуу максатында курулуп жатат дегенди четке кагышты.

2011-жылы май айында АКШнын атайын кызматы Ал-Каиданын башчысы деп саналган Осама бен Ладенди Абутабаддагы үйүндө өлтүргөн. Кийинчерээк үйү да жок кылынган.