Нетаньяху Израилдин жаңы өкмөтүн түзөт

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Ирандын атомдук куралга ээ болуусун алдын алуу - жаңы администрацияга жүткөлгөн эң чоң милдет болоорун билдирди. Кечээ президент Шимон Перес Нетаньяхуга жаңы өкмөт түзүүнү тапшырган. 22-январдагы эрте шайлоодо анын Ликуд-Бетейну партиясы 120 орундуу Кнесетте (парламент) 31 мандатты жеңген. Коалиция курууга жетише алса, Нетаньяху ушуну менен 3-ирет премьер-министр кызматын аркаламакчы. Президенттин мандатын алып жатып, ал ошондой эле палестиналыктар менен тынчтыкка жетишүүгө аракеттенээрин айтып, Палестина лидери Махмуд Аббасты сүйлөшүүлөр үстөлүнө кайтууга үндөдү.