Сталинград салгылашуусунун 70 жылдыгы белгиленүүдө

Орусиянын Волгоград шаарында Сталинград салгылашуусунун 70 жылдыгы белгиленүүдө. Фашисттик армияны талкалоо менен аяктаган кармаш Экинчи дүйнөлүк согуштагы бурулуш учур катары каралып келет.

Шаарда майрамдык иш-чаралар өтүүдө. Мамаев дөңүндөгү көрүстөндө шаарды коргоого катышкан адамдардын ысымдары чегилген мемориалдык такта ачылат.