Египет: Порт-Саид шаарында өлгөндөрдүн саны 22ге жетти

Порт Саид шаарында 1 жыл мурун стадиондо болгон массалык тополоң боюнча айыпталып, өлүм жазасына тартылгандардын тарапкерлери көчөгө чыгып, башаламандык уюштурууда. Кагылыштарда 20дан ашуун киши мерт болуп, 200дөн ашуун киши жарадар болду.

Өткөн жылдын 1-февралында Порт-Саид шаарында футболдук мелдеш маалында чыккан тополоңдо 74 киши өлгөн. Бул тополоңду уюштурган деп айыпталган 21 киши өлүм жазасына тарткан өкүмдү сот жакында чыгарган.

Египетте өкмөткө каршы демонстрациялар жайылууда. Нааразылыкка чыккандар президент Мурсини берген убадаларын аткарган жок деп айыптоодо.