ӨКМ: Барактын отуздай тургуну Кара-Суу ооруканасына жеткирилди

Барак, 2013-жылдын 25-январы

Кыргызстандын Барак эксклавынын отуздай тургуну бүгүн ал айылга гуманитардык жардам жеткирип барган бус унаасы менен Ош облусунун Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, эки КамАЗ менен азык-түлүк жеткирилди. Ал эми Кара-Суудан барган дарыгерлер тобу барактыктардын ден соолугун текшерди. Өтө катуу ооругандар аныкталган жок. Ал эми отуздай киши дарыгерлердин көзөмөлүндө болуусу үчүн Кара-Сууга жеткирилди. (RK)