Конгресстин Өкүлдөр палатасы Ак Үй убактылуу карыз алышына макул болду

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы федералдык өкмөткө 19-майга чейин керектүү акчаны насыя алганга уруксат берди. Мындай мыйзам долбоору бюджетте каралган социалдык чыгымдарды төлөгөнгө мүмкүндүк берет. 16, 4 триллион долларлык лимитти убактынча алып салууну Өкүлдөр палатасынын 285 мүчөсү колдоду. 144 депутат каршы чыкты. Ак Үй шаршемби күнкү добуш берүүнүн жыйынтыгын оң баалап, насыянын лимитин узак мөөнөткө жогорулатууну кааларын билдирди. Сенаттагы демократтардын лидери Гарри Риддин билдиришинче, Конгресстин жогорку палатасы мыйзам долбоору үчүн саалгытпай добуш берет. Бул бирок республикачылар менен демократтар салыкты көтөрүү, бюджеттик чыгымдарды азайтуу жана улуттук карыз боюнча талашты жайга чейин уланатарын билдирет. Сенатта демократтар, Өкүлдөр палатасында республикачылар көпчүлүк мандатка ээ.