“Айтыш” коомдук фондунун төрагасы Садык Шернияздын “Азаттыкка” билдиришинче, азыр тиешелүү документтер топтолууда. Айтыш - жамаатташ жашаган кыргыз-казак элдеринин оозеки чыгармачылыгына тиешелүү өнөр болгондуктан, аны маданий мурастардын арасына киргизүү сунушу ЮНЕСКОго Кыргызстандын жана Казакстандын атынан сунушталмакчы.
Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтыш сынагы быйыл март айында, Бишкекте болот. Мурдагысы эки жыл мурун Казакстандын борбору Астанада өтүп, анда кыргызстандык төкмө акын Аалы Туткучев 3-орунга ээ болгон.(ZKo)