Израилде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктады

Экзит-пол сурамжылоолор көрсөткөндөй, бул шайлоодо премьер-министр Бенямин Нетаняхунун “Ликуд” партиясы бийликке кайра кыйынчылык менен келчүдөй. Израилдин үч телеканалынан берилген экзит-полдун жыйынтыгы боюнча премьер-министрдин партиясы парламентте 31 орун алат, ал эми мурунку тышкы иштер министри Авигдор Либермандын “Израил – биздин үй” партиясы 11 орун аларын көрсөтүүдө.

Сурамжылоолорго ылайык, мурдагы журналист Яир Лапиддин “Еш Атид” партиясы парламенттен 19 орун, 17 орунду солчул лейбористтик Эмгек партиясы, ал эми ашынган улутчул “Бейт Йехуди” партиясы 12 добуш алат.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы шаршембиде жарыяланышы керек.