Техаста колледждеги атышуудан кеминде үч киши жарадар болду

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти. Харрис округунун полициясы бул окуяга шектүү бир киши кармалганын кабарлады, маалыматтарга ылайык анын шериги да бар болушу мүмкүн.

АКШдагы окуу жайлардагы ок атышуулар 14-декабрдагы Сэнди-Хук трагедиясынан кийин коомчулуктун назарына алына баштады. Анда 20 жаштагы америкалык жаран 20 баланы жана алты кишини атып өлтүргөн эле.