Жириновский орус тилин бузгандарды жазалоону сунуш кылды

ЛДПР партиясынын лидери, депутат Владимир Жириновский орус сөздөрү турганына карабай, чет элдик сөздөрдү колдонгондорду жазалоо боюнча атайын мыйзам кабыл алууга чакырууда.

Жириновскийдин, бүгүн журналисттерге айтканына караганда, “орус тилин таштанды жана чет элдик сөздөрдөн тазалоо керек".

Жириновский кошумчалагандай, учурда юристтер тобу “Маданият” жөнүндөгү мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп жатат, ал мыйзам орустуку эмес сөздөрдү колдонууга тыюу салат.

ЛДПР лидери эреже бузгандарды жазалоо чарасы катары айып пул менен катар иштен бошотууну да сунуш кылууда. (UE)