Арменияда президенттик шайлоо өнөктүгү башталды

18-февралда болчу президенттик шайлоого 8 талапкер, анын ичинде азыркы президент Серж Саркисян катышат. Армениянын Шайлоо кодексине ылайык, ар бир талапкер коомдук телеканалда 60 мүнөт жана коомдук радиодо 120 мүнөт чыгып сүйлөөгө укугу бар. Ар бир талапкер шайлоо өнөктүгү кезде өкмөттүк телеканалга акча төлөп, өзүн 120 мүнөт жана өкмөттүк радиодон 180 мүнөт гана рекламалай алат.

Президент Серж Саркисян телекайрылуусун шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү 16-февралда жасайт деп боолгонууда. Президент Саркисян экинчи мөөнөткө ат салышууда.