Бишкек-Ош жолунда кар атып түшүрүлүп жатат

Бул тууралуу “Азаттыкка” Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Кечээ кан жолдун 255 жана 247-чакырымында жалпысынан 25 миң куб метр кар атылып түшүрүлдү. Бирок көчкү жолго жеткен жок. Мындай иш-чаралар 24-январга чейин уланмакчы. Кар атып түшүрүлүп жаткан чакта жол жабылган жок.

Былтыр Кыргызстанда кыш оор түшүп, кар көчкү 6,5 эсеге арбын болгон. Алардын дээрлик көбү Бишкек-Ош жолунда катталып, кыш-жаз айларында кар көчкүдөн ондон ашык адам ажал тапкан эле. (EBM)