Сирияда француз журналист өлтүрүлдү

Жергиликтүү активисттердин маалыматы боюнча Алеппо шаарында кандуу кармашты чагылдырып жүргөн француз журналист Ив Дебэ өкмөттүк күчтөрдүн огунан көз жумду. Расмий булактар муну тастыктай элек. Дебэ аскерий иштер менен байланышкан француз тилинде чыккан Assaut журналын түзгөн.

Жума күнү Алеппонун чекесинде катуу жардыруудан бир нече киши жабыркаганы кабарланды. Козголоңчулар бул өкмөттүк күчтөрдүн абадан соккусу болчу дешсе, мамлекеттик медиа каражаттары жардырууну оппозициялык күчтөр ишке ашырганын маалымдады.

Ушул аптада Алепподогу университетте болгон жардырууда 80ден ашуун киши жок болду.