Алжирде чет элдик адистер уурдалды

Алжирдин чыгышындагы мунай тазалоочу заводдо иштеген бир нече чет элдикти ислам экстремистери уурдап кетти. Алжирдин өкмөттүк маалымат булактарынын кабарлашынча, Ливиянын чек арасына жакын жердеги ишканага согушкерлер жасаган чабуулда бир адам өлгөн, бир нече киши жарадар болгон. Ирландия өкмөт уурдалгандардын арасында бир букарасы бар экенин билдирип, аны тез бошотууну талап кылды. Башка уурдалган чет элдиктер кайсы өлкөдөн экени азырынча белгисиз.

Тактала элек маалыматтарга караганда, набыт болгон адам франциялык болушу ыктымал. Француз аскерлери ушу тапта Алжирдин түштүк-батыштагы коңшусу Малиде ислам жоочуларына каршы операцияга катышууда.

"Бритиш Петролиум" компаниясы кол салуу норвегиялык жана алжирлик фирмалар менен чогуу башкарылган ишканда болгонун ырастады.