Москвада кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы "Дед Хасанды" атып кетишти

Москванын кылмыш дүйнөсүнүн таанымал аталыгы, “Дед Хасан” деген ат менен белгилүү Аслан Усоян октон ажал тапты. Москва полициясынын билдиришинче, шаардын ортосундагы ресторандан чыгып бараткан “Дед Хасан” каршы үйдүн чатырынан снайпер аткан октон жан берди. Усояндын мыйзамсыз кумар оюндарына, курулушка, маң аткезчилигине катышы бар экенин Орусиянын медиа булактары айтып жүргөн.

75 жаштагы “мыйзамдагы ууру” грузиялык күрт-езиддерден болчу. Аслан Усоянга 2010-жылы да Москвада кол салынып, бирок аман калган. Анын оң колу эсептелген Вячеслав Иванков же “Япончик” 2009-жылы Москвада ресторанда чыгып баратканда, снайпердин огунан мерт болгон.